Каймана аты "Дима". Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү катары кармалган адам мурда бир нече жолу соттолгон, Чүй облусунун 40 жаштагы тургуну. Ал унаалардын ээлерин жана ишкерлерди алдап, изин жашырып жүргөн.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Буга чейин Биринчи Май РИИБине ишкерлер арыз менен кайрылышып, укукка каршы аракеттерди жасаган адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. Анда 2021-жылдын күз айында Б.Н. аттуу жаран алдоо жолу менен келишим түзүп, курулуп жаткан үйлөрдүн биринен батирди алып, аны кийин үчүнчү жакка сатып жиберген. Натыйжада жабырлануучуга 25 миң доллар суммасындагы материалдык чыгым келтирилген.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Дима” каймана атына ээ Чүй облусунун 1981-жылы туулган Б.Н. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал 13-май күнү камакка алынган.

Кармалган жаран ошондой эле укукка каршы аракеттерди жасоого шектелүүдө. Анда 2020-жылдын жай айында унаанын ээсинин ишенимине кирип, Лексус RX 330 үлгүсүндөгү унаасын Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаага алмаштырып, андан ары изин жашырып кеткен. Натыйжада жабырлануучу миллион сомдон ашык чыгым болгон", - деп айтылат маалыматта.

Тергөөдө шектүү 2021-жылы эки чет өлкөлүк ишкерди ири өлчөмдө акчага алдап кеткени аныкталган. Ал ишкердин ишенимине кирип, бирөө 120 миң доллар турган көп сандаган килемдерди ээлеп алып, изин жашырып качып кеткен. Экинчи ишкерди дагы алдап, андан баасы 40 миң долларга жакын суммадагы килемдерин ээлеп алган. Жогорудагы фактылар боюнча учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
portugalia
2021-05-18 22:20:38
Жаман иттин аты борубасар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан