Биз социалдык тармакта

Тажик тараптын агрессивдүү кол салуусунан документин жоготкон 17 жаран жаңы паспорт алышты

Чек арадагы окуяда өздүгүн аныктоочу документтерин жоготкон жарандарга Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жеринде документтерди кабыл алууну жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ID кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жарандын арызы кабыл алынган.


Бүгүн, 18-майда 17 жаран өздүгүн аныктоочу паспортторун алышканын өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Кырдаалга байланыштуу Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды кабыл алуу борбору (ЦОН) иштөө тартибин өзгөртүп, эртең мененки саат 08:00дөн, кечки саат 20:00гө чейин иштеп, документтерди кабыл алуу жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан