Мындан бир нече ай мурун Кытайдын экинчи Лигасындагы "Цзыбо Куджу" футболдук клубун сатып алган 35 жаштагы Хэ Шихуа клубдун башкы машыктыруучусуна өзүнүн уулун негизги курамда ойнотууну талап кылууда. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Коюлган талап боюнча, башкы машыктыруучу клубдун ээсинин 126 килограмм салмактагы уулун негизги курамга кошууга милдеттүү. Ал бардык 90 мүнөттү талаада өткөрүп, пенальти менен кошо бардык стандарттык абалдарды аткарышы керек.
Учурда бул футболдук клуб турнирдик жадыбалда акыркы орунда келе жатат. Клуб 15 оюнда 1 гана упай топтой алган.