Бүгүн, 18-май - музейлердин эл аралык күнү. Бул күнгө карата мага музейлерде уюштурулган иш-чаралар менен таанышып келүү тапшырмасы берилген. Мурунку жылдары музей күнүнө карата уюштурулган "Музейдеги түн" иш-чарасына көп эле жолу күбө болгом. Мурдагыдай шаан-шөкөт, кызыктуу оюндар, бир башкача көргөзмөлөргө туш боломбу деп ойлонуп бараттым. Бирок мен ойлогондой болбоду. Жүздөрү жылмайган, бирок көздөрүндө кандайдыр бир табышмак катылган музей кызматкерлерин эмне маселе түйшөлтүп келе жатканын алар айтпаса да мен түшүнө алдым.
Анткени ага чейин интернет желелеринен Михаил Фрунзе атындагы үй-музейинде музейдеги экспонаттарды карап, келген конокторго көргөзүп отургандардын айлык маянасы былтыр июнь айларынан баштап 80 пайызга көтөрүлгөнүн окугам. Жакшы саамалык, бирок колдоруна 3 миң 900 сом алышат. Ал эми илимий кызматкерлер колуна 8 миң алышат экен. Азык-түлүк, кийим-кече, деги койчу бардык нерсе кымбаттап жаткан биздин заманда ал айлык эмнеге жетет? Сиз андай акчага кантип үй-бүлөңүздү багат элеңиз?
Аз айлыкка карабай башка тармакка кетип калбастан маданият үчүн, тарых үчүн иштеп жаткан кызматкерлер менен жылуу баарлаштык. Пандемияга чейин музей күнү көп адамдарды топтогон чоң майрамга айланчу. Быйыл кандай белгиленгени тууралуу аталган музейдин агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Дамира Стамкулова төмөнкүлөргө токтолду.
"18-май музейлердин эл аралык күнүнө карата жыл сайын "Музейдеги түн" иш-чарасы өткөрүлчү. Быйыл пандемияга байланыштуу "Музей жана музыка" аталышындагы күндүзгү иш-чара уюштуруп музей күнүн белгилеп жатабыз. Михаил Васильевичтин үйүндө үй-бүлөсүнө тиешелүү бардык буюмдар коюлган. Анын апасы кечинде чай үстүндө гитара менен элдик романстарды ырдап берчү экен. Мына ошондон балдарынын маданиятка карата сүйүүсү ойгонгон. Ошого карата биз бүгүн Михаил Васильевичтин үй-бүлөсү менен музей күнүн байланыштырып бул күндү белгилеп жатабыз. Музей азыркы учурда пандемияга байланыштуу аз сандаган гана көрүүчүлөрдү кабыл алып жатат. Күнүнө беш-алты киши келет.
Биздин музейди актуалдуу эмес деп айткандар бар. Былтыр музейди башкача жасап, концепциясын өзгөртүп "Пишпек-Фрунзе-Бишкек" кылабыз деп Маданият министрлиги тарабынан конкурс жарыяланган, жеңүүчүсү табылган. Мамлекетибизде жетиштүү каражат жок болгондугуна байланыштуу бул нерсе азыр токтоп турат, ишке качан ашат белгисиз", - деп билдирди Стамкулова.
Ал эми ушул музейдин илимий кызматкери чет элдик жарандар музейде иштеген пенсиядагы кызматкерлерди көрүп таң каларын айтты.
"Бизге чет өлкөдөн келген туристтер силерде эмнеге пенсиядагы адамдар жер кыдырып эс алуунун ордуна иштешет, ал эми жаштарыңар көчөлөрдө, сейил бактарда жүрүшөт деп сурашат. Музейлерге иштегени жаштар келбейт, анткени айлык маяна жогору эмес", - деди кызматкер.
Андан аркы жолум Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейине уланды. Экспозициялык көргөзмө секторунун лектору Кыдырмаева Мээркан музей күнү кандай белгиленгендиги тууралуу, мен суранган соң музейдин көйгөйлөрүнө токтоло кетти.
"Бул жерде иштегениме үч жыл болуп калды. Музей күнү мисалы эки жыл мурун масштабдуу түрдө уюштурулуп, элдер көп келип, көптөгөн көргөзмөлөр, ярмаркалар уюштурулуп жакшы өткөн. Ал эми былтыр пандемия болуп калып бардыгын онлайн өткөрдүк. Социалдык тармактар аркылуу музей жумалыгы уюштурулган. Быйыл көп адам чогултууга уруксат берилген жок. Ошон үчүн быйыл дагы онлайн экскурсиялар өтөт. Андан сырткары шаардыктар музейге бүгүн акысыз кире алышты. Башка күндөрү музейге кирүү акысы 40 сом. Ал эми студенттерге 20 сом. Окуучуларга 10 сомдон, окууга бара элек балдарга 5 сом.
Көйгөйлөр тууралуу айтсам, музейдин абалы канааттандырарлык эмес. Акыркы жолу 40 жыл мурун капиталдык оңдоп-түзөө иштери болгон экен. Андан сырткары кирүү акылары көтөрүлсө жакшы болот эле. Көп нерселерди музей өзү каржылаганга мүмкүнчүлүгү пайда болмок. Мисалы, башка мамлекеттердеги музейлерге кирүү акыларын салыштырсак биздики аябай төмөн. Көп адамдар келип айтып калышат Москвадагы "Третьяковская галереяга" 700-800 рублга кирдик деп. Бул жактыкы болсо 40 сом. Ошону дагы кээ бири арзан кылбайсыңарбы дешет. Биз албетте, өзүбүздү "Третьяковская галереяга" теңей албайбыз. Ал ушунчалык чоң, мурун Хан сарай эле. Андан кийин музей болуп калды. Ал жактагыдай кирүү акысы 700 сом болбосо дагы 100 сомдун тегерегине чыкса деле аябай көп көйгөйлөрүбүздү чечип бермек.
Кызматкерлердин айлык акысы мурункуга караганда Кудайга шүгүр десе болот. Бирок ошо дагы аздык кылат. Азыр билесиңер баалар кымбаттап жатат. Бизге дайыма компьютерде иштөөгө туура келет. Мурун зыянга учурап жатасыңар деп акча төлөнчү, бирок аны кыскартып салышкан. Азыр социалдык тармактарда жазып жаткандай медициналык кызматкерлерге айлык көтөрүп жатабыз деп коюп айлыктары азайып жатат дегендей бизде да ошондой болуп жатат. Азыркы биздин министрибиз маданият тармагына жанын карч уруп иштеген адамдар керек деп айтканын уккам. Биз ошого аракет кылабыз, бирок бир нерсе жасайын десең сөзсүз акчага такалат. Сатып алыш керек же бир нерсеге төлөш керек, ошентип биз эч нерсе кыла албай калабыз", - деп билдирди Кыдырмаева.
Кыргыз өлкөсүнүн музейлерин Лувр менен салыштырууга болбойт, бирок дал ушул жерде биз өлкөнүн маданияты жана тарыхынын маанилүү учурлары менен таанышабыз. Дегеним көбүбүз башка өлкөгө барсак түз эле музейлерине барабыз. Менин оюмча, музейлер бул мамлекеттин жүзү. Музейлерибизге мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп, бардык көйгөйлөрү чечилишин тилек кылып кайра келе бердим.