Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат Орусиянын президенти Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, элчилердин ишеним грамоталарын тапшыруу аземи 18-майда Кремлде болуп өттү.
Гүлнара-Клара Самат 2021-жылы февралда элчи болуп дайындалган.