Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Татарстандын президенти Рустам Миннихановго алабай күчүгүн белек кылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 17-майда Татарстандын президенти Рустам Минниханов расмий иш сапары менен Түркмөнстанга барган. Жолугушуунун алкагында президент Бердымухамедов ага достуктун жана бир туугандыктын, салттуу эки тараптуу мамилелерди бекемдөөнүн символу катары алабай күчүгү - Акдосту белек кылган.
Рустам Минниханов белекке алган күчүктү колуна алып түшкөн сүрөтүн Инстаграмдагы баракчасына жүктөп, "Рахмат, Гурбангулы Бердымухамедов!", - деп жазган.
Түркмөн алабайы – орто азиялык дөбөттүн түрүнө кирет. Ал чабандардын короосун жырткыч жаныбарлардан кайтарган кароолчу ит катары белгилүү. Буга чейин түркмөн башчысы Орусиянын президенти Владимир Путинге жана премьер-министр Дмитрий Медведевге алабай породасындагы итти белекке берген.