"Башыңа кыйынчылык түшкөндө досторуң дагы терилип калат экен" дейт Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев.
"Учурда ден соолугум жакшы болуп калды. Башыңа кыйынчылык түшкөндө баары билинет экен. Ошол эле досторуң дагы терилип калат экен. Баягы эле жалгыз апаң айланчыктап жаныңдан чыкпайт. Ден соолуктун кадырын учурунда билбейт экенбиз. Азыр эми шүгүр бир топ жакшы болуп басып калдым. Жакында Таласта өтчү концертиме даярдык көрүп жүрөм", - деди Аликеев.