"Тарыхтагы эң мыкты бомбардир, тарыхый хет-триктин автору". Улуттук курамга кимдер чакырылбай калды?

Буга чейин алдыдагы оюндарга карата футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасына чакырыла турган футболчулардын тизмеси жарыяланган.

Жарыяланган тизмеде легионерлер аз экенин байкоого болот. Сезонду "Алга" клубунда өткөрүп жаткан чабуулчу Антон Землянухин улуттук курамага чакыруу алган жок. Ал дагы деле болсо улуттук курама команданын тарыхтагы эң мыкты бомбардири.

Курамга чакырылбагандардын тизмесинде чабуулчу Виталий Люкс дагы бар. Крестинин маалымат жыйыны учурунда Люкс көптөн бери футбол ойной электигин айткан. Анын Азия Кубогундагы хет-триги буга чейин тарыхта калган.

"Ак шумкарлардын" катарына коргоочу Азамат Байматов дагы чакырылган жок. Ал бул сезонду бишектик "Алга" клубунда өткөрүүдө жана ал алган жаракаттарынан улам акыркы оюндарда талаага чыга элек.

Мындан тышкары улуттук курамага 31 жаштагы легионер Виктор Майер дагы чакырылган эмес. Ал Германиянын "Виденбрюк" клубунда ойнойт жана жаракатына байланыштуу оюндарга катыша албай жатат.

Өз кезегинде улуттук курамага алгачкы чакырууну Элдар Молдожунусов, Алмаз Маликов жана Эржан Токотаевдер алышты. Ал эми Азим Азаров менен Кайрат Изаков резервде.

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы Японияда үч оюн өткөрөт.

7-июнь (дүйшөмбү): Кыргыз өлкөсү - Монголия;

11-июнь (жума): Мьянма - Кыргыз өлкөсү;

15-июнь: (шейшемби): Япония - Кыргыз өлкөсү.

"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен "F" тайпасында жайгашкан. 5-турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы Япониядан кийин 7 упайы менен 2-орунда келе жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Apyn8793
2021-05-18 18:01:04
Келатат жаштар келатат!!!
+5
bayern-munchen
2021-05-18 21:51:31
Apyn8793,туура Люкс деле 1989 жылкы Байматов 1988 Землянухин 1988 жашартуу керек качанга чейин улуу муунга таянат дагы Бир эки жылдан кийин буйурса Галатасарайдан Бекназ кошулат Жана Ташиевдин уулу Леванте клубда азыр ал дагы кошулат Фенербахчеде дагы Бир жаш оюнчу бар ал кошулса Эрболду эптеп курамга кошсок биздин команда мыкты эле команда болуп калат
+6
Jelezo
2021-05-19 00:34:57
Ийгилик жараткыла.
+1
uran98
2021-05-19 11:15:18
Супер ото эле ката жазыпсынар азим Азаров эмес Азиз Сыдыков
Бишектик Алгадабы
-2
Азат Бейшенбеков
2021-05-19 12:59:00
uran98, Саламатсызбы? Ооба Азим Азаров бишкектик "Алга" клубунда, Азиз Сыдыков "Дордой" клубунда. Эки футболчу тең резервдеги оюнчулардын катарына кирди.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан