Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр" компаниясынын убактылуу тышкы башкаруучусу болуп дайындалды. Аны эмгек жамаатка Улукбек Марипов тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кумтөр кенинин жамааты менен жолугушту, анда ал жамаатка "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Улукбек Марипов кен кызматкерлеринин социалдык төлөмдөрдүн сакталышы, эмгек акы, ишкананын келечеги тууралуу суроолоруна жооп берди.

"Кен өз ишин токтотпойт жана ишин штаттык режимде улантат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмүн алышат, эч кандай кыскартуулар тууралуу кеп болбошу керек. Биздин негизги максат – карапайым жарандардын жашоо-турмушун жакшыртуу. Ачык-айкын жана таза ишибиз аркылуу гана биз ага жетише алабыз", - деп жыйынтыктады Министрлер кабинетинин башчысы.

"Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун тышкы башкаруучусу кызматына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун сунуштамасы боюнча дайындалган", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
souza.j
2021-05-18 20:26:19
Карышкырдын баласы экен го. Койлор канча короодо.
+10
baisogur
2021-05-18 20:55:49
Бул кадам ийгиликтуу болсун
+5
Talantus
2021-05-18 21:36:28
Карышкырга кой кайтартпасанар эле болду да. Ф.И.О.су эле чатак экен.
+4
Urmat78
2021-05-19 07:06:03
Илгери биз жакта Бөрү деген койчу бар эле атына заты жарашкан.Бул деле ошондой болсо керек
0
Asmat84
2021-05-19 09:13:08
Аа бул бөлтүрүк экен. Карышкыр келбесин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан