Галапагос аралдарындагы Дарвиндин аркасы урап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Галапагос аралдарында табигый эрозиядан улам Дарвиндин аркасы кулап түшкөн. Бул дүйнөдөгү эң популярдуу суучулдар барган жерлердин бири.
Бул суктанарлык жер 234 аралдан жана айрым тектерден турган архипелагдын курамына кирген, адам жашабаган Калпеппер аралынан бир чакырым алыстыкта жайгашкан.
Британиялык илимпоз Чарльз Дарвиндин ысымын алган арка жанар тоодон жаралган жана ал суу алдындагы жардын чокусу.