АКШда саясатчы айым 30 мүнөттүк телефондук сүйлөшүүдөн кийин коронавирустан "айыкты". Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Миссури штатынан АКШ конгрессинин өкүлү Кори Буш COVID-19 илдетинен улам ушул жылдын март айында ооруканага түшкөн. Ооруканада дарыланып чыккандан кийин, ал өзүнө келди. Бирок саясатчынын руханий устаты Чарльз Ндифон телефон аркылуу айыктыруучу дубанын жардамы менен аялды айыктырганын айткан.
Ндифондун айтымында ал "жин-шайтандарды кууп чыккан".
"Буш мага өзү жардам сурап чалды. Мен аны 30 мүнөттүн ичинде коронавирустан айыктырдым. Буштун өзү да “айыктыруучу күчкө” ээ жана ооруган адамдарды айыктырууга аракет кылып жүрөт. Маал-маалы менен ал мага өзү айыктыра албаган адамдарды жөнөтүп турат", - деп кошумчалаган Ндифон.