Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун франциялык чабуулчусу Карим Бензема акыркы 6 жылдан кийин алгачкы жолу улуттук курамага чакыруу алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучу Дидье Дешам "Евро-2020" турнирине катыша турган акыркы 26 оюнчунун тизмесин жарыялаган. Тизмеге Карим Бензема дагы кирген. Дешам Бенземаны негизги курамдагы чабуулчу катары дагы көрсөткөн.
Бензема улуттук курамада 19-номерде ойнойт. Анын 9-номеринде Оливье Жиру ойногондуктан бош эмес.
"Евро-2020" турнири 11-июндан 11-июлга чейин өтөт. Франция Германия, Венгрия жана Португалия менен бир тайпада ойнойт.