Билл Гейтс кесиптеши менен сүйүү мамилесинде болгон деген имиштен улам Microsoft компаниясынын директорлук кызматынан кетти

Америкалык миллиардер Билл Гейтс Microsoft компаниясынын кызматкери менен болгон сүйүү мамилесинде болгон деген имиштен улам компаниянын директорлук кызматынан кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын аягында компаниянын кызматкери көп жылдар бою Билл Гейтс менен сүйүү мамилесинде болгондугун кат аркылуу билдирген. Билдирүүдөн кийин Microsoft компаниясы юридикалык тергөө жүргүзгөн жана Билл Гейтсти мындан ары өзү түптөгөн жана жетектеген компанияда иштей албайт деген чечимге келишкен. Тергөөнүн жыйынтыгы чыга электе, Гейтс кайрымдуулук долбоорлоруна көңүл бургусу келгенин жарыялап, кызматынан кеткен.

2021-жылы май айында Билл Гейтс менен жубайы Мелинда Гейтс 27 жыл чогуу түтүн булаткандан кийин ажыраша тургандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан