Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубунун ээси Мансур ибн Зайд аль-Нахайян клубдун күйөрмандарын 29-майда Португалиянын Порту шаарында өтө турган Чемпиондор Лигасынын финалына бекер алып барат. Бул тууралуу маалымат клубдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, клубдун миңдеген күйөрмандары Манчестер шаарынан Порту шаарына бекер учуп барышат. Мындан тышкары клуб күйөрмандарын коронавируска каршы тесттен дагы бекер өткөрөт.
Чемпиондор Лигасынын финалы 29-май күнү Порту шаарындагы 50 миң көрүүчү бата турган "Драган" стадионунда өтөт. Финалда "Манчестер Сити" лондондук "Челси" клубу менен кез келет.