Сегизинчи ирет ата статусуна ээ болгон куудул, ырчы, тамада Жеңишбек Айтиев "Гүлнара Кахаровадан аштым, дагы ашам" дейт.
"Кудайга шүгүр, жакында эле сегизинчи перзенттүү болуп, кызыма Акжуурат деп ысым койдум. Өзүм негизи бала кезимден эле кийин 10 балалуу болсом деп ниет кылып, кыялданчумун. Кудай буюрса, ошого жетебиз (күлүп). Мурда шоу-бизнесте айымдардан Гүлнара Кахарова эжем эң көп балалуу эле, мен азыр Гүлнара эжеден аштым, дагы ашам",-дейт Айтиев.