"80 миң сом турган телефонун тартып алган". Бишкекте тоноого шектүү жарандар кармалды

Бишкекте тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 18-январда Октябрь райондук милициясына С.А. аттуу аял арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү саат 21:00 чамасында белгисиз жарандар арыз ээсине күч колдонуп, баасы 80 миң сом турган IPhone 11 үлгүсүндөгү телефонун тартып алгандарын жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-беренеси ("тоноо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө жана иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 27 жана 29 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына камакка алынган. Милициядан учурда шектүүлөрдүн дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогун аныктоо боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан