Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда 47 жаштагы эркек киши асынып алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-майда Кара-Суу райондук милициясына контейнерде белгисиз жаран асынган абалда табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Окуя болгон жерге тергөө тобу чыгып, асынган адам Алай районунун Чий-Талаа айылынын 1974-жылы туулган тургуну экендигин аныкташкан. Бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Ош ОИИБинин маалымат кызматынан.