Лондондо туруп Москвага сокку урууга мүмкүн болгон жаңы америкалык ракета жасалып жатканы айтылды

Америкалык армиянын карамагында узак аралыкка атылуучу гипер үнү менен жаңы ракета жасалууда жана бул курал менен Лондондон Москвага сокку урууга болот. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарда жаңы ракета үн ылдамдыгынан он жети эсе ылдам учат жана кеминде 2 миң 777 чакырым алыстыктагы бутага таамай тиет. Ракетанын авторлорунун айтымында, бул курал менен Лондон шаарынан Москвага түз сокку урууга болот.

Ошондой эле бул ракета менен Тынч океандагы позициялардан Түштүк Корея, Тайвань, Япония, Филиппин жана Кытайдагы буталарды таамай атса болот.

Жаңы ракета түздөн-түз транспорттук-учуруучу контейнерлерден учурууга мүмкүн болгондой жасалып жаткандыгы белгилүү болгон. Ракетаны сыноо 2023-жылга пландаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tatu_8889
2021-05-19 12:31:03
Каерди атып сынайт экен эми
+4
Belek1710
2021-05-19 12:37:49
Эмнеге Лондондон туруп Американы көздөй атпайт!?
+1
bessmertiy
2021-05-19 15:36:47
Эмне үчүн Москва?
+3
al-abu-kinesz
2021-05-19 15:49:25
bessmertiy, учурда Россия олкосу Европанын бир топ олколору жана Америка учун ачык эле жек корунду мамлекетке айланып баратат.
+1
Rusi79
2021-05-20 02:15:24
Ракетан жеткиче Лондонун кулго айланат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан