"Ашыктыктын символу Лейла". Кыргыз ырчыларынын жүрөгүнө чок салган бул сулуу ким?

Тойлордон, коомдук жайлардан Нурлан Насиптин "Стамбулдун сулуу кызы Лейла" деген ырын кулагыңыз чалса керек. Сизде "Ырчылардын көбү ушул кызга ашык болду. Лейла же Лейли деген сулуу ким болду экен?" деген суроо жаралбай элеби? Анда ушул сулуу кызга арналган ырларды тизмектеп көрөлү.

Лейла жана Лейли экөө синоним сөздөр. Экөө тең араб тилинен алынып, "түн", "күүгүм" деген бир эле маанини билдирет.

Адабиятта "Лейла жана Мажнун" деген дастан бар. Бул эки ашыктын сүйүү баяны "Ромео жана Жулеттадан" ашып түшөт дегендер бар. Ал эмес экөөнүн махабат дастанын Алишер Новои, Низами Гянжави, Фузули баш болгон ондогон чыгыш классиктери чыгармага айланткан. Бул сүйүү баяны көптөгөн фильмдерге, сериалдарга, спектаклдерге, ырларга тема болгон.

Негизинен “Лейла менен Мажнун” чыгармасы араб адабиятында X кылымдардан бери кеңири таанылган. “Лейла менен Мажнун” тууралуу баян санаага алдырган маанисиндеги “Мажнун” лакабын алган жаш акын Кайстын сүйгөнү Лейлага арналган ыры.

Лейла менен Мажнун: кусалык, кайгы-капа менен аяктаган сүйүү баяны.

Кайс (ред. Мажнун) менен Лейла бир мектепте окуп, кичинесинен чогуу чоңоюшат. Алар чогуу жүрүп бири-бирин сүйүп калышат. Балалык кезде тутанган сүйүүлөрү күчөгөндөн күчөп отурат. Бирок алардын махабатына экөөнүн жакындары каршы болот. Мындан улам Лейланын апасы кызын мектептен чыгарып алат. Лейлага жетсем деген Кайс ак эткенден так этип жүрүп, чөлдү кезип кетет. Ошондуктан анын өз ысымы унутулуп, Мажнун деп атала баштайт. Мажнун жалгыз чөлдөн чөлдү кезип Лейласын издейт.

Ошол эле учурда үй-бүлөсүнүн айтуусу менен Лейла бай адамга турмушка чыгат. Ал ар түрдүү амалдарды ойлоп таап, күйөөсүн өзүнө жакындаткан эмес.

Лейланын турмушка чыкканын уккан Мажнун андан бетер жүрөгү жараланат. Лейла күйөөсү каза болгондон кийин, Мажнунду издеп жөнөйт. Бирок бири-бирин абдан катуу сүйгөн эки жүрөк жолукканда баары кеч болуп калат. Анткени Мажнун Лейланы тааныбайт. Катуу кайгыга баткан Лейла жүрөк оорусунан чыдабай көз жумат. Мажнун Лейланын каза болгонун уккандан кийин анын мүрзөсүнө келип, ошол жерден жан берет.

“Лейла менен Мажнун” дастанынын башка сүйүү баяндарына салыштырганда, андагы каармандардын махабаты толгон кусалык, кайгы-капа жана үмүтсүз сүйүү менен аякталгандыгында.

Кыргыз эстрада ырчылары да "Лейла" деген аталыштагы ырларды жазып келишет. Мазмунун карай турган болсок, баары Мажнундай болуп Лейла сулууга жетпей, армандарын кагазга түшүрүп, обонго айланткан.

Көргөндө көзүм кадалат,
Көйкөлүп чачы таралат.
Назданат бийкеч, назданат го,
Сүйүүм тамшанат.
Керилип басканы сулуу
Жайкалат го, жүрөк тамшанат.

Кайырма:
Садагам Лейли, сагынтат мени,
Ажарың күндөй, ашыкмын, Лейли.
Тумарым Лейли, кумарым Лейли,
Кабылдым сага, каралдым Лейли.
Сагынамын Лейли, Лейли.

Жомоктой мага сезилет,
Жүрөгүм ысып эзилет.
Керилет бийкеч, керилет го,
Жүрөк эргитет,
От болуп күйүп эритет го,
Жүрөк эргитет.
Арнаймын сага ырымды, Лейли,
Айтайын болгон сырымды, Лейли.
Арналган алтын белегим ушул,
Ардактап туткун мунумду, Лейли.

Жоодурап анча кадала, Лейли,
Жүрөгүмдү эзип караба, Лейли.
Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп күздө,
Жүзүңдөн жаным, садага, Лейли.

Тал чыбыктай буралган, Лейли,
Тараз бир боюң кыналган, Лейли.
Теңдеши жок сулууга сендей,
Тең кылабы бул жалган, Лейли?

Кашкая тартып, күлөсүң, Лейли,
Канжарсыз толтом тилесиң, Лейли.
Кайгыңды тартып камоодо жүрөм,
Мунумду качан туясың, Лейли?

Улуу бир тоого чыгалы, Лейли,
Улардын үнүн угалы, Лейли.
Уларча сайрайт чын ашык деген,
Ушуну даана туялы, Лейли.

Ак шайы, жибек жоолукчан, Лейли,
Алмалуу бактан жолуксак, Лейли.
Алкымыңан кангыча жыттап,
Айыкпас дарттан соолуксам, Лейли.

Ак кептер болуп консоңчу, Лейли,
Ак шумкарың болсомчу, Лейли.
Ак ала зоого алпарып анан,
Алкымыңан сорсомчу, Лейли.

Көк кептер болуп консоңчу, Лейли,
Көк шумкарың болсомчу, Лейли.
Көк ала зоого көтөрүп барып,
Көмөкөйүңдөн сорсомчу, Лейли.

Эр Семетей, Айчүрөктөй, Лейли,
Эл козутуп, сүрөтпөй, Лейли.
Эриш-аркак өтсөкчү бирге,
Эгиз бүткөн жүрөктөй, Лейли.

Желкайып менен Байыштай, Лейли,
Жабыгып ордо кайышпай, Лейли.
Сүйүүнүн даамын татсакчы бирге,
Курманбек менен Каныштай, Лейли.

Алдыда аска, үстү таш, Лейли,
Аскада калган Кожожаш, Лейли.
Өмүр бою өрттөнүп сүйгөн,
Зулайкадай жарлар аз, Лейли.

Тинатин, Нестан-Дарежан, Лейли,
Дүйнөгө даңкы тараган, Лейли.
Сүйгөнүнө акыры жетип,
Чын ашык болгон арадан, Лейли.

Кулмырза менен Аксаткын, Лейли,
Гүлүндөй эгиз бакчанын, Лейли.
Сүйүүдөн жанган шам болуп алар,
Көзүнө түшөт өз жактын, Лейли.

Олжобай менен Кишимжан, Лейли,
Бири таеже, бири жээн, Лейли.
Кыйылды кырчын курактан алар,
Ойлогон сайын кейитет, Лейли.

Ак Мөөр менен Болоттой, Лейли,
Хан каарын сезип, тоготпой, Лейли.
Ашыктан шейит болушкан алар,
Айтылып калды жомоктой, Лейли.

Темиркул акын айтылуу, Лейли,
Телмире жазган Айсулуу, Лейли.
Теңдеши жок өзүнөн башка,
Тең келет ага кай сулуу, Лейли?

Кызылды кийсең, жарашат, Лейли,
Кызыгып элдер карашат, Лейли.
Кадыркеч кылып ала көр, жаным,
Кайран жаш өтүп баратат, Лейли.

Жашылды кийсең, жарашат, Лейли,
Жарданып элдер карашат, Лейли.
Жароокер кылып ала көр, жаным,
Жалын жаш өтүп баратат, Лейли.

Кызыл бир парча көйнөкчөн, Лейли,
Кыялай бассаң бөйрөктөн, Лейли.
Кылыгыңды бир жолу сезип,
Кылчайбас жакка мен кетсем, Лейли.

Жашыл бир парча көйнөкчөн, Лейли,
Жайкала бассаң бөйрөктөн, Лейли.
Жамалыңды бир жолу жыттап,
Жалганымдан мен өтсөм, Лейли.

Бул дүйнөдөн мейли өтсөм, Лейли...

Нурлан Насип - "Лейла"

Капысынан сени көрүп калдым,
Карегиме сүйүү отун салдың.
Стамбулдун сулуу кызы Лейла,
Кантип эле мени арбап алдың.
Не кадер не кадер сени севиорум,
Сана сана ашкымы, калбими верийорум.

Гүлүм сенсиң Лейла
Гүлүм сенсиң Лейла
Сүйүүм сенсиң Лейла
Сендей сулуу кайда?

Деңиздин жээгинде бастык
Сени менен жайнады жаштык
Чок чок чок гүзаль кыз
Көздөрү өзаль кыз
Жүрөктү ээлеп алдыңыз

Кудайберди Айтбосунов - "Лейли"



Тагдырым кандай билбеймин деги,
Табышып кайра адаштык эми.
Таалайым, бактым издеймин,
Сени Лейли.

Түнсүңбү мага көрүнбөс Лейли?
Түшүмдө "сен" деп жүрөм го Лейли.
Түйшүгүм арман билбейсиң,
Мени Лейли.

Кайырма:
Лейли! Санаамды неге билбейсиң?
Лейли! Садагам, неге сезбейсиң?
Лейли! Сыздады менин жүрөгүм!
Сагындым сени Лейли!

Көздөрүң мончок карагат Лейли,
Чачтарың өрмө таралат Лейли.
Көңүлүм сенде билбейсиң,
Жаным Лейли.

Жамалың айдай жарашык Лейли,
Жалындап ар-бир жан ашык Лейли.
Сезимим өчпөйт түбөлүк,
Сага Лейли. ​​

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aliza_96
2021-05-20 00:30:09
Сонун ырлар экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан