Шаардын көркү болгон бак-дарактарды дарылоо иши кандай жүрүп жатат? Башкы агроном жооп берет

Акыркы учурларда Бишкек шаарындагы кээ бир бак-дарактардын жашылданып шаарга көрк бергендин ордуна саргарып, куурап баратканын байкасаңыз керек. Анын себеби эмнеде жана кандайдыр бир алдын алуучу иш-чаралар өткөрүлүп жатабы? Бул боюнча SUPER.KG порталы "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев менен маек курду.

- "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын негизги иши - Бишкек шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, бак-дарактарды убагында сугаруу, бутоо, тазалоо, газондорду убагында сугарып, чаап туруу, гүл бакчаларга гүлдөрдү отургузуу. Ушул жылы Бишкек шаарыбызга 9 миң жазы жалбырактуу жана 2 миң 500 ийне жалбырактуу, андан тышкары 3 миң 500 бадал, тирүү тосмодон 150 миңди отургузушубуз керек болчу. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарына алты миңдей жазы жалбырактуу бак отургузулду. Андан тышкары 2 миң 500 ийне жалбырактуу бак, 2 миң 500 бадал, 100 миңге жакын тирүү тосмо отургузулду. Калган бак-дарактар күзгү планга жылдырылды. Алар күзүндө отургузулат.

- Бишкек шаарында Союз убагында биздин климаттык шартыбызга ыңгайлаштырып өстүрүлгөн бак-дарактар бар. Мисалы, эмен, зараң, берч, лита, каштан, катальпа, акация. Булар жазы жалбырактуу бак-дарактар. Андан тышкары ийне жалбырактуулар өзүбүздүн Тяньшань карагайы, арчанын түрлөрү шаарыбызда өсөт.

Дарылоо иштери кийинки жылдарда көп көңүлгө алынбай калган. Акыркы күндөрү шаарыбыздагы эмен бактарынын ооругандары көпчүлүгүбүзгө белгилүү. 2014-жылдан бери эмен багы жабыркап келет. Аны дарылоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Азыркы тапта моспилан чачуудабыз. Эксперименттик түрдө иньекция методун жүргүзүүдөбүз. Ал метод менен эки-үч тилкени дарылап жатабыз. Эгерде жыйынтыгы жакшы чыкса тилкелерди көбөйтөбүз. Мындан ар түрдүү тилкелерди алып тамырына жана жалбырактарына чачуу иштерин жүргүзүп жатабыз.

- Кийинки жылдарда ийне жалбырактуу бактар да ооруп жатат. Арчалар жана кызыл карагайлар саргаюуда. Ал бактардан арча курту жана кабык жегич коңуздары табылган. Алар Түштүк Магистраль, Жибек Жолу көчөлөрүндө жайгашкан. Тургундардын кээ бири түшүнбөй бул нерсени убагында сугарылбагандыктан болуп жатат деп ойлошот. Буларга каршы алдын ала чараларды көрүп жатабыз. Эки жолу шаар боюнча дарылоо иштерин жүргүздүк.

Эмен бактары ооруганына байланыштуу иммунитети начар болуп жатат. Ошого карата биз жалбырагына, тамырына дары берип жатабыз. Моспиландын курамында магний, калий, цинк, азот, ртуть жана башка көптөгөн элементтер бар. Ушуну тамырына, жалбырагына берип бактын иммунитетин көтөрүп, ооруга каршы иштер жүргүзүлүп жатат. Андан тышкары глицерол деген дары менен дарылап жатабыз. Анын курамында дагы көптөгөн элементтер бар. Мунун комплекстүү түрүн берип жатабыз. Азыркы тапта өзгөрүүлөр болуп жатканын көрүп жатабыз.

Быйыл жаңы отургузулган көчөттөргө микориза козу карынын да кошумча колдондук. Жаңы отургузуп жатканда тамырына чачабыз. Ал порошок түрүндө болот.

Дарылоо иштери боюнча бизде план бар, иштер планда кандай жазылса ошого жараша жүрүп турат. Эң негизгиси дарыларды бактардын иммунитетин көтөрүү үчүн тамырына, жалбырагына берилүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан