Укмуштуудай оюн өткөрсө дагы Карим Бензема 6 жыл эмне себептен улуттук курамага чакыруу алган эмес? Бул боюнча башкы машыктыруучу эмне дейт?

Белгилүү футболчу Карим Бензема Франция курама командасына "Евро-2020" турниринде ойноо үчүн кайтып келди. Акыркы жолу ал улуттук курамадагы оюнун 2015-жылы октябрда Армения менен болгон оюнда өткөргөн. Анда Бензема 2 жолу гол киргизип, 1 жолу голдук пас чыгарып берген. Эмне үчүн биздин мезгилдин мыкты чабуулчуларынын бири курама командадан чыгарылганы дагы да болсо эсибизде.

Футболчу Матьё Вальбуэна менен чыр-чатак.

2015-жылы Бензема Матьё Вальбуенанын шантажына байланыштуу ызы-чуудан улам курама командадагы ордун жоготкон. Бензема Матьё Вальбуэнанын катышуусундагы интимдик видео менен шантаж кылган делинген жана күнөөсү сотто далилденсе, ал беш жылга чейин эркинен ажыратылып, 75 миң евро айып пул төлөмөк. Бирок Бензема бул айыптын баарын четке кагып келген. Ушул убакыттан бери Бензема "Евро-2016" жана 2018-жылы Орусияда өткөн Дүйнө чемпиондугуна чакырылган эмес.

"Бензема үчүн Франция курама командасына жол түбөлүккө жабык"

2018-жылы Франциянын Футбол федерациясынын президенти Ноэль Ле Гре Бензема мындан ары улуттук курама командага чакырылбай тургандыгын айткан. "Мен Бензема жөнүндө эч качан терс мааниде айткан эмесмин. Тескерисинче, Карим мыкты оюнчу деп айткан жалгыз адам бойдон калам. Бирок ал үчүн Франция курама командасына жол түбөлүккө жабык", - деген ал.

Аз гана убакыт калган "Евро-2020" турниринде Франция курамасынын борбордук чабуулчулары менен болгон кыйынчылык Дидье Дешамды өз принциптеринен баш тартууга жана "Реал Мадриддин" чабуулчусун чакырууга аргасыз кылды. Машыктыруучу команданын тактикасын өзгөртүп, оюнчуну курамга киргизди. Бул Бенземанын карьерасындагы укмуштуудай бурулуш.

Башкы машыктыруучу Дидье Дешам Бенземанын улуттук курамга чакырылышы боюнча түшүндүрмө берди.

Франция курама командасынын башкы машыктыруучусу эмне үчүн алты жылдан кийин ал чабуулчуну улуттук курамга чакыргандыгын айтты.

"Бензема жөнүндө айтсам, биз артка кайтып, бир нерсени өзгөртө албайбыз. Эң негизгиси - бүгүн жана эртең. Маанилүү кадамдар жасалды. Карим менен жолугуп, көпкө сүйлөштүк. Жолугушуудан кийин ушул чечимге келгенге чейин көпкө ойлондум. Эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү айтпай эле коёюн, ал бизге гана тиешелүү. Бул экөөбүзгө тең керек болчу. Мен буга чейин оор кырдаалга туш болуп, жеке кызыкчылыктарды ар дайым эске албай келгенмин. Франциянын курама командасы мага таандык эмес”, - деген Дешам.

Карим Бенземасыз дагы Франция футбол боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарында. Эң кызыгы, ал Франция курамасы менен "Евро-2020" турниринде кандай оюн көрсөтө алат?

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gisi
2021-05-19 19:50:56
Кош кел Каримбек!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан