UFC уюмунун оор салмактагы америкалык мушкери Деррик Льюис унаасын уурдоого аракет кылып жаткан жаранды нокаутка учуратты. Бул тууралуу анын жакын досу Ариэль Хельвани билдиргенин чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
"Деррик Льюис мага унаасын уурдоого аракет кылып жаткан адамды байкап калып, жини менен аны нокаутка учуратканын айтты. Унаа уурдоого аракет кылган адамдын абалы учурда жакшы", - деген Хельвани.
Деррик Льюис UFC'деги акыркы беттешин быйыл февраль айында өткөргөн. Анда ал дагы бир америкалык мушкер Кёртис Блейдсти нокаутка учураткан. Ал чемпиондук кур үчүн быйыл жайында күчтүү делинген Фрэнсис Нганну менен беттешери күтүлүүдө. Бирок эки мушкердин беттеши расмий жарыялана элек.