Таласта бир көчөдөгү 3 үйдүн чөбү өрттөндү

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Айтбаев көчөсүндө бир учурда үч үйдүн чөбү кечээ, 22-октябрда өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Өрттүн кесепетинен аталган көчөдөгү №80 үйдө 1 тонна чөп, №66 үйдө 2 тонна, ошондой эле №68 үйдө 2 тонна чөп күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан