Бишкекте 4 ай ичинде жол кырсыгын жаратып качып кеткен 77 айдоочу изделүүдө

Бишкек шаарынын аймагында 4 ай ичинде жол кырсыгынан кийин качып кеткен айдоочулар тууралуу жалпы 181 факты катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, быйылкы жылдан тартып Бишкек шаарында катталган жол транспорт кырсыгынан кийин из жашырып качып кеткен айдоочулар тууралуу 181 факты катталып, алардын 104 айдоочусу табылган. Калган 77 факты боюнча издөө иштери уланууда.

"Ошол себептүү милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жарандардан жол кырсыгы катталган учурга күбө болуп калса кайдыгер карабай "102" номерине кабарлоону өтүнөт. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын аймагында видеокөзөмөлдөр толук орнотулбагандыктан жол кырсыгынан кийин качып кеткен айдоочуларды издеп табууда жөнөкөй жарандардын да көмөгү чоң", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан