"Свет аке", "Кентавр" тасмаларынын режиссёру Актан Арым Кубат жаңы тасма тартып жатат

Режиссёр, сценарист Актан Арым Кубат Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылында 15-майдан тартып "Эсимде" аттуу толук метраждуу көркөм тасма тартып жатат. Бул тууралуу тасманын продюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

"Эсимде" тасмасы бөтөн жерде жыйырма жыл азап чегип, мекенине кайтып келген Зарлык карыянын трагедиялуу окуясын баяндайт. Атасын көп убакытка чейин издеп, үмүтү өчкөн баласы Кубат карыяны Орусиянын бир шаарынан үй-жайсыз жүргөн жеринен таап келет. Фильм Зарлык менен Кубаттын туулуп-өскөн айылына келиши менен башталат.

Актан Арым Кубат Зарлыктын образын өзү аткарса, Кубаттын ролун өзүнүн уулу Мирлан Абдыкалыков аткарат. Мындан тышкары Насретдин Дубашев, Анара Назаркулова, Таалайкан Абазова, Назым Мендебаиров да актёрдук курамда болушмакчы.

Тасма качан тартылып бүтөрү айтылган жок.

Актан Арым Кубаттын "Свет аке", "Кентавр" тасмалары эл аралык, жергиликтүү кинофестивалдарда байгелүү орундарды алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан