УКМК кармалганын четке каккан. "Кыргыз темир жолунун" мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыгарылды

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим кечээ, 18-майда кабыл алынган. Анда Башкы прокуратуранын улук прокурору Дашковду үй камагына чыгаруу тууралуу сотко өтүнүч келтирип, ал канааттандырылган.

Ага ылайык, Дашков 18-июлга чейин үй камагында болот.

Эске салсак, буга чейин бир катар жергиликтүү басылмалар Василий Дашков УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан. Андагы маалыматтарга караганда Дашков коррупцияга шектелип кармалган.

Бирок УКМКнын маалымат кызматы бул маалыматты четке кагып, Дашковдун камалбаганын билдирген.

Василий Дашков ээлеген кызматынан 25-мартта бошотулган. Буга чейин иликтөөчү журналисттер аталган тармактагы тендерлерди Дашковдун өзүнүн компаниялары утуп келгендигин жарыялаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-05-19 23:07:26
Дашков жеп атып жарылганы калган го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан