Беларуста аскердик учак турак үйдүн үстүнө кулап түштү. Кырсыктын кесепетинен 2 учкуч каза болду

19-майда Беларустун Баранович шаарында аскердик учак кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учак аэродромдон Беларустун Чыгыш кичи районуна багыт алган. Учуп бара жатып турак үйдүн үстүнө кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 учкуч каза болгон.

"Окуу-машыгуу учурунда экипаждан техникалык мүчүлүштүк аныкталган. Учкучтар учакты конуштан алып кетүүгө аракет кылышкан. Тилекке каршы, эки учкуч тең каза болушту", - деп билдиришкен аталган өлкөнүн Коргоо министрлигинен.

Бактыга жараша, кырсыктан башка кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан