"Бирөөгө айтсаң иниңди өлтүрүп кетем". Таласта таанышын бутка аткан өспүрүм 5 жылга эркинен ажыратылды

Талас облусунда өспүрүм балдар телефон талашып уруша кетип, натыйжада 17 жаштагы бала 16 жаштагы баланы тапанча менен бутка аткан. "Окуя тууралуу бирөө-жарымга айта турган болсоң, иниңди өлтүрүп кетем" деп коркутуп, унаадан түшүрүп салып кетип калган. Ага карата сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтында айтылат.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя 2020-жылы 6-декабрь күнү саат 23:30 чамасында болгон. Анда Талас районунун Кум-Арык айылында 2004-жылы туулган бала Ауди 80 үлгүсүндөгү унаанын ичинде 2005-жылы туулган бала менен сүйлөшүп отуруп телефон талашып уруша кетишкен. Ал жерден экөө унаадан сыртка чыгып сүйлөшүп, мушташып, андан соң 16 жаштагы баланы унаага отургузуп, Бакай-Ата районунун батыш тарабына алып барып, барсеткасында мыйзамсыз салып жүргөн ок атуучу тапанчасын алып чыгып, сол бутуна атып салган. Андан кийин Кум-Арык айылына алып барып "окуя боюнча бирөө-жарымга айтсаң иниңди өлтүрүп кетем" деп коркутуп таштап кетип калган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучунун өмүрүнө коркунуч жаралган оор зыян келтирилгендиги аныкталган. Ал эми соттук-психиатриялык экспертизасынын корутундусунда, айыпталуучу психикалык оору менен жабыр тартпагандыгы, окуя болгон убакытта өзүнүн жасаган кыймыл- аракетине жооп берип, акыл-эси ордунда экендиги аныкталган.

Айыпталуучу 2004-жылы туулган, улуту кыргыз, билими орто, бойдок, мурда соттолгон эмес. Учурда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу айылдардын биринде жашайт.

Соттук отурумунда айыпталуучу күнөөсүн моюнга толугу менен алган

Айыпталуучунун жашы жете электигине байланыштуу апасы менен бирге көрсөтмө берген. "2020-жылдын жаз айларында балам иштеп акча табайын деп Талас шаарына кеткен болчу. Талас шаарында тез татымда иштеп жүргөн. Балам бул убакытка чейин мындай кадамдарга барган эмес жана бейбаштык кылганын уккан эмесмин. 2020-жылдын 6-декабрь күнү ок атуучу курал менен 16 жаштагы баланы бутуна атып салганын окуянын эртеси күнү милиция кызматкерлеринен уктум. Балам азыр эмне үчүн мындай кадамга барганын билбей жатат. Бүгүнкү күндө балам кылган күнөөсүн моюнга алып, өкүнүп жатат. Мындан кийин уулумду карап, мындай кадамга баруусуна жол бербейм", - деп билдирген айыпталуучу баланын апасы.

Соттук отурумда жабырлануучунун апасы төмөнкүлөрдү билдирген:

"Мен окуя тууралуу угарым менен келсем, баламдын абалы жакшы эмес экен. Анан баламды шаарга дарылоо үчүн алып кеттим, беш айдан бери карап жатам. Ал эми айыпталуучу тарап келип да коюшкан жок. Балам беш ай жатты, мен иштебей баламды багып отурдум. Өзүм жалгыз бой энемин, мыйзам боюнча кылган иши үчүн айыпталуучу эмнеге камалган жок билбей жатам. Балам гипсте үч ай жатты, буту кыймылдабай калды. Окуяны көргөн жокмун, бирок баламан сурасам, аябай кордошуп, тапанча менен коркутуп, бутун өптүргөнүн айтып берди. Айыпталуучуга карата камакка алуу түрүндөгү оор жаза дайындоону сурайм", - деп билдирген ал көрсөтмөсүндө.

Өкүм:

Сот бардык топтолгон иш материалдарды терең изилдеп чыгып, жыйынтыкка келген.
Айыпталуучу күнөөлүү деп табылсын жана ага мамлекеттин пайдасына 30 миң сом айып салуу менен 5 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылсын. Ага карата 2 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалсын.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан