Журналист Эльнура Молдокадырова жолдошу Ренат Самудинов менен ажырашты

Учурда АКШда жашап жаткан журналист Эльнура Молдокадырова жолдошу Ренат Самудинов менен ажырашты. Бул тууралуу түгөйлөр социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышты.

"Урматтуу достор, кээде жашоо күтүүсүз сыноолорду алып келет. Көптөгөн ойлонуудан жана талкуудан кийин Эльнура экөөбүз ар кимибиз өз жолубуз менен кетүү чечимин кабыл алдык. Биз ар башка болуп чыктык, бирок жакшы достордон болуп калабыз. Мен Эльнурага баары үчүн ыраазымын. Чын дилимден ага ийгилик, бакыт каалайм жана керек болгон учурда колдоого даярмын. Менде жана Эльнурада баары жакшы болоруна, өз жолубузду табарыбызга ишенип турам. Биздин чечимди түшүнүү менен кабыл алыңыздар. Эльнура сага рахмат", - деп жазып калтырган Ренат Самудинов.

Ошондой эле Эльнура Молдокадырова Инстаграм баракчасына жолдошу менен эки жолго түшкөнүн жана ага ыраазычылык билдирип пост жазган.

Белгилей кетсек, Ренат Самудинов буга чейин КСДПнын жаштар канатынын жетекчиси катары таанылган. Самудинов президенттик шайлоого партиядан бир эле талапкердин аттанышына каршылыгын көрсөткөн. Анда партия Самудиновду катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Буга анын ички тартипти бузуп, эч кандай ыйгарым укугу жок эле партиянын атынан билдирүү жасаганы себеп болгону жарыяланган.

Ал эми анын жубайы Эльнура Молдокадырова КТРК каналында кабарчы болуп иштеп турганда эшек этинин чуусу боюнча материалы менен коомчулукка таанылган. Самудинов партиядан четтетилгенден кийин Молдокадырова жумушунда тоскоолдуктар болуп жатканын айтып, жумуштан кеткен.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aslonur
2021-05-20 10:07:27
Билбейм эми ажырашып кандай туура жол табасыңар, эгер колуңардан келсе жарашып эле ширин жашооңорду уланткыла
+9
Muaz2707
2021-05-20 11:54:14
Душманыма дагы каалабайт элем...
+7
kairhai
2021-05-20 17:46:21
Кантип жакшы достордон болуп каласыңар, түшүнбөдүм. Үйлөнгүчө дос болосуң, ажырашкандан кийин кас болосуң...
+1
Marni
2021-05-20 20:36:22
АКШда качкын статусу менен күн көргөн адамдарды чыгаруунун кажети жок. Грин - карта утуп алып,окуганы же иштегени барышса бир жөн.
0
Bikosh2015
2021-05-20 21:32:07
Куйоо майка кийип алса болмок койногунун ичинен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан