Кечээ, 22-октябрда саат 16:40та Бишкек шаарынын Юнусалиев көчөсүндө №88 даректе жайгашкан «Арман» дүкөнүндө өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттүн кесепетинен дүкөндүн 200 метр чарчы темир менен жабылган чатыры күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгышы электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежесинин бузулушунан экени аныкталды.