Бишкекте батирлердин биринен болжол менен 40 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 19-май күнү саат 19:54 чамасында куткаруучулар Айни көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачууга чыгышкан, барган кезде эшик ачык болгон.
Батирге кирген учурда болжол менен 40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.