Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 41 жаштагы тургуну көлмөгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын куткаруу кызматына Таш-Көмүр шаарындагы Үч-Жаңгак тилкесинде эс алуучу көлмөгө бир киши чөгүп кетти деген маалымат түшкөн.
"Издөө иштерине жалпысынан 10 куткаруучу, суучулдар тартылган. Куткаруучулар көлмөгө чөгүп кеткен 1980-жылы туулган эркек кишинин жансыз денесин кечки саат 20:05 чамасында суудан табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Автор: Гүлзина КаныбековаФото: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы