Режиссёр Артык Сүйүндүковго эл аралык фестивалдардан уткан сыйлыктары тапшырылды

Кыргыз Эл артисти, режиссёр Артык Сүйүндүковго Орусиянын кинематографиялык искусство академиясынын "Ника" сыйлыгы жана Калькуттада өткөн эл аралык кинофестивалдын "Мыкты режиссура" номинациясынын сыйлыктары тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, сыйлыкты министр Кайрат Иманалиев кечээ, 19-майда тапшырды. Ал Артык Сүйүндүковго чыгармачылык ийгилик каалап, сыйлыгы менен куттуктады.
Режиссёрдун "Шамбала" тасмасы "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясында жеңишке жетип, "Ника" сыйлыгына татыган. Сыйлоо аземи 25-апрелде Москва шаарында өткөн.
Мындан тышкары ушул эле "Шамбала" тасмасын койгону үчүн Артык Сүйүндүков Калькуттада өткөн эл аралык кинофестивалда "Мыкты режиссура" сыйлыгына татыган. Аталган кинофестиваль 8-15-январда Калькуттада өткөн.

Бул сыйлыктарды алуу үчүн режиссёр өзү бара алган эмес.

Артык Сүйүндүковдун толук метраждуу "Шамбала" тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан