Борбор калаадагы №2 поликлиникада муздаткыч өчүп калгандыгына байланыштуу Спутник V вакцинасынын 930 дозасы жарактан чыгып калды. Бул боюнча SUPER.KG порталы Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысовага байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.
"30-апрелде бизге ыкчам маалымат түшкөн. Биз барып териштирүү иштерин жүргүзгөндө, муздаткыч өчүп калгандыгын билдик. Вакциналарды атайын муздаткычтарга койдуртуп бергенбиз. Муздаткычты кайра сайганда ал дароо иштеди. Розеткасы гана суурулуп калган. Пол жууп жаткандабы же кандайдыр бир башка себептерден улам суурулуп калганбы өздөрү билбей калышкан. Вакцинаны акт түзүп алып кеткенбиз. Учурда биздин кампада турат. Аларды биз сатып жиберген жокпуз. Башка вакцина менен орду толтурулган соң утилизацияга кетиребиз. Анткени бул вакцина тоңдурулган бойдон турушу керек. Эки саат эле эриген абалда туруп калса колдонууга жарабай калат.
Министрлик тарабынан ордун толтуруу тапшырмасы поликлиникага берилди. Азыр өздөрү ушул маселенин үстүнөн иштеп жатышат. Сумма чоң болгону үчүн Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаментине чечим чыгаргыла деп тапшырма бердик", - деп билдирди Ишенапысова.