Балдын таза жана жасалма экенин кантип айырмаласа болот? Кыргыз өлкөсүндө аарылардын кандай түрлөрү бар? Балчылар айтып берет (маек)

Бал өзүнүн жагымдуу даамынан тышкары көптөгөн пайдалуу касиеттерге ээ. Бирок даярдыгы жок адамга аны алуу оңой эмес. Бул милдетти кесипкөй балчы гана ала алат.

Балчылар балды көбөйтүү жана чогултуу менен алектенишет. Бул кылдаттык менен тактыкты талап кылган түйшүктүү иш. Андан сырткары аарыларга кам көрөт.

SUPER.KG порталы бүгүн, 20-май аарылардын дүйнөлүк күнүнө карата Кыргыз өлкөсүнүн балчылар ассоциациясынын төрагасы Жакшылык Дуйшеналиев жана балчы, жеке ишкер Алтынай Бекмамат кызы менен маек курду.

Жакшылык Дуйшеналиев ассоциациянын иши, Кыргыз өлкөсүндөгү аарылар жөнүндө айтып берди.

- Алгач балчылар ассоциациясынын ишмердүүлүгү туурасында айтып берсеңиз.

- Балчылар ассоциациясынын негизги иши бал менен иштеген адамдардын башын бириктирүү. Бул коомдук ишмердүүлүк жана Айыл чарба министрлиги менен тыгыз иштешебиз. Андан тышкары жаңы үйрөнүп жаткандарга үйрөтүү жолдорун көрсөтүп беребиз. Атайын китеп чыгарылган жана иш-чаралар, тренингдер уюштурулуп турат. Аларды эл аралык уюмдар каржылоодо.

- Кыргыз өлкөсүндө аарылардын кандай түрлөрү бар?

- Кыргыз өлкөсүндө аарынын ар түрдүү тукумдары бар. Советтер Союзунан бери жергиликтүү тукуму - бул карпаттар. Тилекке каршы, башка дагы тукумдары кирип турат. Алар Германия, Австрия, Украина тукумдары. Мунун баарынын киргени жакшы көрүнүш эмес. Анткени бул тукумдардын аркасынан жаңы оорулар дагы кирип жатат. Биз билбеген оорулар пайда болуп баштады. Ошол себептен Айыл чарба министрлигинин алдында асылдандыруу департаменти бар. Алар менен тыгыз иштешип жатабыз. Бизге Кыргыз өлкөсүнө бир жергиликтүү тукумду аныктап берсек жакшы болот эле деген ой болуп жатат. Ошонун үстүнөн да азыр иштеп жатабыз.

- Кышында аарыларды кантип азыктандырасыздар?

- Кышкысын аарыларга өзүнүн азыгынан беребиз. Жетпей калган мезгилде шекерден аарынын абалына карап берип турабыз. Негизи өзүнүн эле азыгы менен азыктанышы керек.

Азыр баарын ойлонткон жана бул тармакты алдыга түртө турган нерсе - бул экспорт. Кыргыздар балды негизинен аз жейбиз. Ошол себептен бизде өндүрүлгөн бал сыртка сөзсүз чыгышы керек. Чет өлкөдө биздин бал өтө жакшы каражатка бааланат. Бирок сыртка алып чыгуу үчүн биз дүйнөлүк стандарттарга туура келген балды өндүрүшүбүз керек. Ошон үчүн биздин окуулар же консультациялар болобу, жалаң дүйнөлүк стандарттар боюнча маалымат берилет.

Ал эми Алтынай Бекмамат кызы атайын бренд алдында чыккан текшерүүдөн өткөн балга гана толук ишенсе болорун билдирди.

- Ишмердүүлүгүңүз жөнүндө айтып берсеңиз...

- Атам 40 жылдан бери балчылык менен алектенет. Бала кезибизден балчылык чарбасын жакшы өздөштүрүп чоңойдук. Өзүм жакшы билген жумуш болгондуктан балды эл аралык, жергиликтүү базарга алып чыгууну максат кылдым. Атам көп жылдык тажрыйбасын колдонуп, аарыларды антибиотик менен эмес, дары чөптөр менен дарылап, табигый таза бал өндүрөбүз. Жайыт абдан таза, айылдан 10 чакырым алыстыкта жайгашкандыгы үчүн кумшекер кошулмасы жок таза бал даярдоого шартыбыз бар.

- Таза жана жасалма балды кантип айырмалайбыз?

- Таза балды ар кандай элдик ыкмалар менен текшерсе боло тургандыгы айтылып жүрөт. Бирок атайын бренд алдында чыккан бал, башкача айтканда, атайын текшерүүдөн өткөн балга гана толук ишенсе болот. Негизи экспортко 3 маанилүү тесттен өткөрүү зарыл.

1) Антибиотикке;

2) Кумшекердин же сахарозага;

3) Бышкандыгын текшерүүгө.

- Балды экспорттоодо пандемия кандай таасир этти?

- Экспортко чыгууга атайын сертификаттардан өтүү керек. Албетте, кымбат. Пандемия терс таасирин тийгизди. Анын алдында жөнөтүлгөн товарлар сатылбай кармалып калган учурлар болду.

- Ишиңиздерге ийгилик!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
portugalia
2021-05-20 17:49:53
Ошон учун тааныш аркылуу гана бал сатып алгым келе берет.Алдабайт деп
+2
HAKER-KG
2021-05-20 23:33:30
Москвада менде таза Каракулжанын балы бар ватсап аркылуу сурап билсениздер болот 89997192425
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан