"АФК Кубогу-2021": Бүгүн эки кыргыз командасы оюн өткөрөт

Бүгүн, 20-майда АФК Кубогунун алкагында футбол боюнча өлкө чемпиону болгон бишкектик "Дордой" жана өлкө Кубогунун ээси "Алай" командалары оюн өткөрөт.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү оюнда "Дордой" командасы тажикстандык "Равшан" футболдук клубун кабыл алат. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Биринчи оюнда "Дордой" түркмөнстандык "Ахал" клубуна 2:0 эсебинде жеңилип калган.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Ал эми Оштун "Алай" командасы бүгүнкү оюнда Тажикстандын "Худжанд" командасы менен ойнойт. Алай тайпадан алгач Өзбекстандын "Насаф" командасына 4:0, Түркмөнстандын "Алтын-Асыр" командасына 5:4 эсебинде жеңилип калган.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан