Америкалык актёр Брэдли Купер менен Ирина Шейктин 4 жаштагы Лея де Сиенн аттуу кызы менен Нью-Йорк шаарында сейилдөө учурунда кийип жүргөн көйнөгү көпчүлүктү суктандырды.
Сейилдөөдөгү сүрөттөр социалдык тармакка жарыяланып, социалдык тармактын колдонуучулары "Керемет сүрөттөр", "Лея ушунчалык сулуу", "Жагымдуу кыз", "Кандай камкор Леянын атасы. “Лея абдан бактылуу болду" деген билдирүүлөрүн калтырышкан
Эске салсак, Лея Ирина Шейк менен Брэдли Купердин жалгыз кызы. Модель менен актёр 2015-жылы мамиле куруп башташып, түгөйлөрдүн кызы 2017-жылы март айында төрөлгөн. 2019-жылы жылдыздар эки ажырым жолго түшүп, кызы апасы менен жашап калган. Бирок Брэдли Купер кызына көп убакыт бөлөт.