
Ош облусунда 7 жаштагы бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 20-майда ӨКМнын куткаруу кызматына Төлөйкөн кичи районундагы Ак-Буура каналына 2014-жылы туулган бала сууга түшүп кеткени тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.