Талас облусунда бейбаштыкка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас ШИИБине 33 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда май айынын орто чендеринде унаа оңдоочу жайда жумуш ордунда иштеп жаткан учурда эки бейтааныш бала келип эч себепсиз сабап, ден соолугуна залал келтиргендигин жазган.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси “бейбаштык” менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
"Арыз ээсин белгисиз жарандардын бири жакалап уруп, экинчиси бел тарапка бычак менен эки жолу сайып качып кетишкен. Натыйжада жабырлануучу жаран жаракат алып ооруканага жаткырылган.
Териштирүү учурунда кылмышка шектүүлөр аныкталып, алар 1988-жылы туулган Талас шаарынын тургуну жана анын 1983-жылы Баткен облусунда туулган шериги кармалган. Биринчи шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда тургандыгы аныкталды. Учурда эки шектүү тең убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат", - деп билдиришти Талас ОИИБинин маалымат кызматынан.