Буга чейин Үч-Коргон ГЭСинин Таш-Көмүр шаарына караган бөлүгүнө белгисиз кыз боюн таштап, аны жергиликтүү тургундар куткарып калгандыгы кабарланган.
Аталган окуя боюнча Таш-Көмүр шаардык куткаруу бөлүмүнөн SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Үч-Коргон ГЭСине боюн таштаган кыз 2002-жылкы, Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынын тургуну. Окуя бүгүн, 20-майда орун алган. Кыз ГЭСке секиргенде ошол жерде жүргөндөр көрүп калып, өтө тереңге чөгүп кете электе куткарып калышыптыр. Учурда кыз ооруканада, жакындарына кабар берилген. Абалы жакшы. Алдын ала божомолдор боюнча кыз үй-бүлөсүндөгү келишпестиктерден улам өз өмүрүнө кол салган", - дейт Таш-Көмүр шаардык куткаруу бөлүмүнөн.