Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Дыйканбаев Азамат Абдилмаликович Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалым болгондой, мамлекет башчысынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна Догоев Дастан Давлетович дайындалды.
Буга чейин Азамат Дыйканбаев өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы менен УКМК тарабынан кармалганы кабарланган.