Кыргыз эстрадасында башкалардан өзгөчө стили менен айырмаланып турган ырчы Назэлдин туулган күнү. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап, ага байланышты.
Ырчы туулган күнүн жакындарынын, досторунун коштоосунда, эң мыкты маанайда белгилеп жатканын айтты.
"Маанай эң сонун. Баары куттуктап жатышат. Белектерди берип жатышат. Алардын эң негизгиси досум Курал Чокоев мага батир белек кылды. Достордун арасында ушундай шеринебиз бар", - деди ал.
Ошондой эле ырчы чыгармачылыктагы жаңылыктары менен бөлүшө кетти. Ал репертуарына "Сага барам" аталышындагы жаңы ыр кошконун белгиледи. "Шоу-бизнеске аралашкандан бери бир да жолу сүйүү темасында ырдай элек экенмин. Жаңы ырым дал ушул махабат тууралуу. Тартынбагыла, сүйүүңөргө өзүңөр баргыла дегим келди. Ырымды бүт радиолорго бердим. Интернетке да чыкты", - деп кошумчалады.
Ырчы Кара-Балта шаарында туулган. Үйдө төрт бир туугандын улуусу. Анын репертуарында "Туфли", "Күйөө издейм", "Аяй кайнене" деген сыяктуу ырлары бар.