Бишкекте АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында "Дордой" футболдук клубу менен Тажикстандын "Равшан" клубу беттешти.
Беттештин 16-мүнөтүндө Жоел Кожо эсеп санын ачса, 39-мүнөттө Абай Боколеев эсепти 2:0гө айлантты. Оюндун 2-бөлүгүнүн аяк ченинде Боколеев кайрадан айырмаланып, алыскы аралыктан гол жаратты. Жыйынтыгында беттеш 3:0 эсебинде бишкектик клубдун пайдасына чечилди.
Биринчи оюнда "Дордой" түркмөнстандык "Ахал" клубуна 2:0 эсебинде жеңилип калган.
АФК Кубогунда дагы бир кыргыз клубу "Алай" оюн көрсөтүүдө. Аталган клуб учурда Тажикстандын "Худжанд" командасы менен беттешүүдө.