АФК Кубогу: "Алай" клубу тажик командасына жеңилип калды

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында жергиликтүү "Худжанд" клубу менен Ош шаарынын "Алай" командасы кез келди.

Беттештин 27-мүнөтүндө талаа ээлеринин оючусу Дильшод Бозоров гол жаратып, өз командасын алдыга сүйрөп чыкты. Ал эми 50-мүнөттө жаралган Абдулмумин Забировдун голу эсеп санын 2:0гө айлантты. Беттештин соңкү көз ирмемдеринде жергиликтүү команданын оюнчулары 3-голун жаратып, бирок офсайд абалына байланыштуу аталган гол эсепке алынган жок.

Жыйынтыгында "Алай" футболдук клубу тайпалык баскычтагы бардык оюндарда жеңилүү ызасын тартып, F тайпасындагы акыркы - 4-орунга жайгашты. 3 оюнда 9 упай топтогон Өзбекстандын "Насаф" клубу тайпанын жеңүүчүсү аталса, 2-орунга "Худжанд", 3-орунга түркмөнстандык "Алтын Асыр" командасы ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
senchi
2021-05-21 07:03:13
Барбай эле койбойсунар 4чү орунду ээлегенден көрө.
+7
IOA
2021-05-21 10:22:46
Уят кылдынар
+3
Sambet08
2021-05-21 11:22:56
Барбасанар деле 4 чу орунду алмак экенсинер
+3
Asmat84
2021-05-22 12:01:53
Келип келип ушул тажиктерден жеңилип калганыбызга түтөп атам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан