Рамзан Кадыровду "шайтан" деп атаган өспүрүмдүн атасы, туугандары кечирим сурады

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду "шайтан" деп атаган өспүрүмдүн атасы, туугандары андан кечирим сурады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Кадыров Инстаграм баракчасы аркылуу түз эфирге чыккан учурда ага колдонуучулардын бири "сен адам эмессиң, шайтансың" деп комментарий жазган. Буга Чеченстандын башчысы "мен сени табам, ошондо кимдин шайтан экенин көрөбүз" деп жооп берген.

Белгилүү болгондой, аталган комментарийди жазган адам 15 жаштагы өспүрүм экендиги аныкталган. Ал Дагестанда туулуп, учурда ата-энеси менен бирге Москва облусундагы Чехов шаарында жашайт.

"Менин 15 жашар баламдын туура эмес тарбиясы үчүн сизден кечирим сурайм. Баламдын мындан аркы тарбиясына олуттуу көңүл бурууга убада берем", - дейт баланын атасы.

Рамзан Кадыровду "шайтан" деп атаган өспүрүмдүн атасы, туугандары кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
algakaray
2021-05-21 08:33:01
Катуу эле тийет бул соз. Кечирим сураптыр. Эми кечирип койсун.
+1
Rakyl12
2021-05-21 09:27:43
анчалык теригиштин кереги жок болчу, шайтан десе эле шайтан болуп калмак беле.
+5
Urmat78
2021-05-21 09:29:44
Президент түз эфирге чыгып эмне кылат
+2
Aliza_96
2021-05-21 09:29:50
Аталар ай, баласы учун баардык кадамга барышат
+4
tsunse
2021-05-21 09:41:00
Анаке таасирдуу киши, бир созу да жерде калбайт
0
Future11
2021-05-21 12:14:27
tsunse, Ушул таасирдуу адамдын айынан канчалаган адамадар жок болгон. Азыр Европа олклоруно барсан миндеген чечендерди жолуктурасын ошол таасирдуу адамдын айынан олкосунон качкандар
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан