Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Тажикстанга болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду досум деп атады. Мындай маалымат Токаевдин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
"Досум Эмомали менен бирге" деп жазып, галстуксуз түшкөн сүрттөрүн жүктөдү Токаев.
19-майда Касым-Жомарт Токаев Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Дүйшөмбү шаарына эки күндүк расмий иш сапары менен барган. Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташтык жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Өз кезегинде Токаев Тажикстандын экономикасына жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.