Бишкекте 19 жаштагы кызды уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-майда болжол менен саат 22:00 чамасында аталган башкармалыктын кызматкерлерине Бишкек шаарынын Октябрь районунда белгисиз эки жаран 2002-жылы туулган кызды уурдап кеткени тууралуу багыттама берилген.
"Маалымат келип түшөөрү менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам издөө иштерин баштап, "Перехват" операциясы киргизилген. Натыйжада, Сосновка постунан болжол менен саат 00:30 чамасында Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшергенде, ичинде эки жигит жана уурдалган кыздын жашына туура келген кыз бар экендиги аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, алар адам уурдоого шектүү балдар экендиги такталган. Алар Талас облусуна бара жатышкан. Кармалган 23 жана 26 жаштагы эки жаран жана 19 жаштагы кыз андан аркы тергөө иштери үчүн Октябрь РИИБине өткөрүп берилди", - деп билдиришти аталган башкармалыктан.