Чүйдө 35 жаштагы киши бакка асынып каза болду

Чүй облусунун Москва районунда 35 жаштагы киши асынып алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-май күнү саат 18:26 чамасында 102 кызматына Петровка айылынын Степная көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосундагы бакта эркек киши асынып өмүрүн кыйгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Куткаруучулар жерине барганда, славян улутундагы 1986-жылы туулган эркек киши асынып өз өмүрүн кыйгандыгы такталган. ӨКМнын куткаруучулары маркумдун сөөгүн алып түшүп, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан