Чүйдө айдоочу рулга ээ боло албай, бетон тосмону сүзүп каза болду

Чүй облусунун Аламүдүн районунда айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-май күнү таңкы саат 04:45 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда ВАЗ-(Lada) 2109 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бетон тосмону сүзгөн.

"Кырсыктын кесепетинен унаанын 1960-жылы туулган айдоочусу каза болгон. Жерине ӨКМнын куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти", - деп билдиришти аталган министрликтин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан