Жалал-Абадда коңшу өлкөдөн алынып келе жаткан 600 миң сомдук контрабандалык жүккө бөгөт коюлду

Жалал-Абад облусунун аймагында 600 миң сомдук контрабандалык жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бажы кызматкерлери менен чек ара кызматкерлери биргеликте “Мамай” чек ара тилкесинде унаа менен жалпы 20 коробка курамында никотин бар продукция алып келе жаткан Кыргыз жаранын кармашкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

"Алынган тамеки продукциясы бажыда декларацияланбаган, тиешелүү жеткирүү документтерисиз Өзбекстандан алынып келе жаткан. Алынган товардын наркы 600 миң сомду түздү, ал эми бажы төлөмдөрүнүн төлөнө турган алдын ала суммасы 206 миң 400 сомду түзөрү аныкталды", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2021-05-21 13:50:51
Контрабанда азык-түлүктөрдү кымбаттатпай кармап турган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан